КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту жана бош депутаттык мандаттарды өткөрүп берди

29 декабря 2022

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2022-жылдын 29-декабрындагы өткөн жыйналышында Өзгөн, Ноокат, Кара-Кулжа, Нарын шаардык, Жумгал, Кочкор, Ала-Бука, Ысык-Ата, Аламүдүн, Чүй, Кара-Буура, Талас, Бакай-Ата, Каракол, Тоң, Ак-Суу жана Сүлуктү аймактык шайлоо комиссияларынын кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.

Ош облусунун Өзгөн шаардык кеңешинин депутаты Абдулхамедов Мухтаржон Мухаммаджановичке (№14, «Ата-Журт Кыргызстан» саясий партиясы)   мандат өткөрүп берилди.

Ош облусунун Өзгөн шаардык кеңешинин депутаты Имьяминов Йулчибой Таджимахаматовичке (№15,«Ата-Журт Кыргызстан» саясий партиясы) мандат өткөрүп берилди.

Ош облусунун Өзгөн районунун Зергер айылдык кеңешинин депутаты Нуруева Бактыгул Мамасабыровнанын ыйгарым укуктары жүйөлүү себептерсиз жергиликтүү кеңештин жыйналыштарында бир жыл ичинде төрт жолудан ашык катышпоосунун негизинде токтотулду. Мандат Таникулова Адила Кадырбековнага өткөрүп берилди.

Ош облусунун Өзгөн районунун Зергер айылдык кеңешинин депутаты Абдулаева Санамбу Борончуевнанын ыйгарым укуктары жүйөлүү себептерсиз жергиликтүү кеңештин жыйналыштарында бир жыл ичинде төрт жолудан ашык катышпоосунун негизинде токтотулду Мандат Кадырова Феруза Алтымышовнага өткөрүп берилди.

Ош облусунун Ноокат районунун Ынтымак айылдык кеңешинин депутаты Ташкенбаева Инабатхан Мамажунусовнанын ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Торобеков Рустамга өткөрүп берилди.

Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кызыл-Жар айылдык кеңешинин депутаты Калмамат уулу Самагандын ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Артыков Бактыбек Самибаевичке өткөрүп берилди.

Нарын облусунун Нарын шаардык кеңешинин депутаты Апсалиева Айнура Ташболотовнанын (№3, «Бийлик Элге» деп. фракциясы) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Жунушбаева Тинатин Бейшенакуновага (№6,«Бийлик Элге» саясий партиясы ) өткөрүп берилди.

Нарын облусунун Жумгал районунун Кызыл-Жылдыз айылдык кеңешинин депутаты Насыранбеков Кубатбек Чынтемировичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Абдылдаев Эрмек Сатаркуловичке өткөрүп берилди.

Нарын облусунун Кочкор районунун Кум-Дөбө айылдык кеңешинин депутаты Төлөбек уулу Бектендин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Нияман уулу Баатырбекке өткөрүп берилди.

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Өрүктү айылдык кеңешинин депутаты Элтүзерова Гүлнүра Жаныкуловнанын ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Ирисматова Гүлайша Кочкорбаевнага өткөрүп берилди.

Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Юрьевка айылдык кеңешинин депутаты Омуралиев Адис Мыктыбековичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Сыдыков Чынгыз Байдуллаевичке өткөрүп берилди.

Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Юрьевка айылдык кеңешинин депутаты Ибрагимов Нусрадин Закирьяевичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Шаботаева Зинат Эшимовнага өткөрүп берилди.

Чүй облусунун Аламүдүн районунун Васильевка айылдык кеңешинин депутаты Адинаев Музафар Касымбековичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Мухторали уулу Акмалжонга өткөрүп берилди.

Чүй облусунун Чүй районунун Бурана айылдык кеңешинин депутаты Керимкулова Салтанат Табалдиевнанын ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Джусупова Калбубугө өткөрүп берилди.

Талас облусунун Кара-Буура районунун Аманбаев айылдык кеңешинин депутаты Усубалиев Медербек Токтогуловичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Дуйшенов Эрмек Бактыбековичке өткөрүп берилди.

Талас облусунун Талас районунун Бекмолдо айылдык кеңешинин депутаты Токоев Бектурсун Болоткановичтин ыйгарым укуктары каза болгондугуна байланыштуу токтотулду. Мандат Асранов Болоткан Сурановичке өткөрүп берилди.

Талас облусунун Бакай-Ата районунун Ленинполь айылдык кеңешинин депутаты Калыбаев Бакай Сеитказиевичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Иманалиев Рысбай Шаршенбековичке өткөрүп берилди.

Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык кеңешинин депутаты Карыбаев Жоомартбек Омурбековичтин (№1, «Замандаш» деп. фракциясы) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Кадыров Рустам Жоробаевичтин (№8,«Замандаш» саясий партиясы) өткөрүп берилди.

Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Күн-Чыгыш айылдык кеңешинин депутаты Солтоев Амантур Тынчыбековичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Үсөнов Сабыркул Тынчылыковичке өткөрүп берилди.

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Боз-Учук айылдык кеңешинин депутаты Сүйүмбаева ДинараАлмамбековнанын  ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Мамырбаев Руслан Абыкеновичке өткөрүп берилди.

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Боз-Учук айылдык кеңешинин депутаты Жайнаков Нурматбек Бекболотовичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Абдыбеков Камчыбек Абдыбековичке өткөрүп берилди.

Баткен облусунун Сүлүктү шаардык кеңешинин депутаты Айтемиров Камал Мурзакулович (№4, «Биримдик» деп. фракциясы) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Карабаев Гайназар Манановичке (№7,«Замандаш» саясий партиясы) өткөрүп берилди.

Баткен облусунун Сүлүктү шаардык кеңешинин депутаты Ырысова Нургул Анарбаевна (№3, «Ата-Журт Кыргызстан» деп. фракциясы) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Исабекова Надырабегим Курманбековна (№6, «Ата-Журт Кыргызстан» саясий партиясы) өткөрүп берилди.

Ошондой эле КР БШК мүчөлөрү жыйналышта өз арыздарынын негизинде Баратова Роза Аскеровнаны (№9«Эмгек» саясий партиясы) Ысык-Көл облусунун Кара-Кол шаардык кеңешинин, Асангазиев Элдияр Асангазиевичти Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Боз-Учук айылдык кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен чыгарды.

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү