БШК Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизди
27 октября 2022
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2022-жылы 27-октябрда Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизди.
Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилди:
- «Мекен Ынтымагы» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Сагынбек уулу Максат, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Жумагулова Пери Жумагуловна комиссиянын курамынан чыгарылсын;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынан көрсөтүлгөн Арунова Базаркүл Асаналиевна, Турдумамбетова Айнура Эштековна резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
Токтом Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү М. Сагынбек уулунун, П.Ж. Жумагулованын Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан чыгаруу жөнүндө арызынын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1, 19-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 6-декабрындагы № 176 токтому менен бекитилген «Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык кабыл алынды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
