Айылдагы аялдардын эл аралык күнүнүн урматына жарандык жана санариптик билим берүү боюнча 6 борбордо жергиликтүү кеңештердин аял депутаттарынын клубдарынын жолугушуулары өттү
17 октября 2022
15-октябрь – Айылдагы аялдардын эл аралык күнү
17-октябрда Айылдагы аялдардын эл аралык күнүнүн урматына Жарандык жана санариптик билим берүү борбору (ЖСББ) Борбордук Азиянын Жергиликтүү башкаруу академиясы (БАЖБА) менен биргеликте жергиликтүү кеңештердин аял депутаттарынын клубдарынын жолугушууларын өткөрдү.
Жолугушууларга айылдык кеңештердин аял депутаттары, ошондой эле жергиликтүү жамааттардын лидерлери, активист кыз-келиндери катышты.
Маалымат үчүн: жыл сайын 15-октябрда белгиленүүчү Айылдагы аялдардын эл аралык күнү (InternationalDayofRuralWomen), коом айылдагы аялдарга канчалык көп нерсеге милдеттүү экендигин, алардын эмгеги канчалык баага татыктуу болорун коомго эскертүүгө арналган.
Айылдагы аялдардын эл аралык күнүн өткөрүү идеясы 1995-жылы Пекинде өткөн БУУнун Аялдардын 4- конференциясында сунушталган. Бул күндү өткөрүү айылдагы аялдардын көп кырлуу ролун коомдун таануусуна жана аларга колдоо көрсөтүүсүнө ээ болууда иш жүзүндөгү жол катары каралган.
2008-жылы бул майрам БУУнун Башкы Ассамблеясында, 2008-жылдын 12-февралындагы № A/RES/62/136 “Айыл райондорундагы аялдардын абалын жакшыртуу” резолюциясында расмий түрдө бекитилген.
Жергиликтүү кеңештердин аял депутаттарынын клубдарынын жолугушуулары жарандык жана санариптик билим берүү боюнча төмөнкү 6 борбордо өткөрүлдү:
1. Ош облусунун Кара-Суу районунун Жоош айыл аймагынын Большевик айылындагы маданият үйүндө. Жолугушууну Клубдун катышуучусу, Жоош айылдык кеңешинин депутаты Авазкан Ормонова өткөрдү;
2. Ош облусунун Өзгөн районунун Мырза-Аке айылындагы айылдык китепканада. Жолугушууну Клубдун катышуучусу, Ак-Жар айылдык кеңешинин депутаты Арууке Абдукаримова өткөрдү;
3. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылындагы райондук китепканада. Жолугушууну Клубдун катышуучусу, Кызыл-Суу айылдык кеңешинин депутаты Гулсун Абдрасулова өткөрдү;
4. Талас облусунун Бакай-Ата районунун Бакай-Ата айылындагы райондук китепканада. Жолугушууну Клубдун катышуучусу, Оро айылдык кеңешинин депутаты Парида Саткымбаева өткөрдү;
5. Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Базар-Коргон шаарындагы райондук китепканада. Жолугушууну Клубдун катышуучусу, Сайдикум айылдык кеңешинин депутаты Октомхон Жолдошова өткөрдү;
6. Баткен облусунун Баткен шаарындагы облустук китепканада. Жолугушууну Клубдун катышуучусу, Баткен районунун Кара-Булак айылдык кеңешинин депутаты Дарыйка Калыкова өткөрдү.
Жолугушуулардын жүрүшүндө «Лидерлик платформа – жергиликтүү кеңештердин аял депутаттарынын Клубунун» бет ачары болду.
Жолугушууларда кесиптик билим алуу, саясий иштин көндүмдөрүн өнүктүрүү жана инсан катары өнүгүү, шериктештерди издеп табуу, коалиция түзүү жана тажрыйба алмашуу үчүн аял депутаттарга мейкиндик зарыл экедиги белгиленди. Жарандык жана санариптик билим берүү борборлорунун базасында түзүлгөн Жергиликтүү кеңештердин аял депутаттарынын клубу виртуалдуу жана бетме-бет жолугушуу үчүн ушундай мейкиндик болууга тийиш.
Катышуучулар борборлор көйгөй маселелерди талкуулоо, идея, тажрыйба алмашуу үчүн аянтча болуп, жергиликтүү жамааттар үчүн социалдык жактан маанилүү маселелерди чечүүдө аял депутаттарга көмөк көрсөтөөрүн белгиледи.
Жергиликтүү кеңештердин аял депутаттарынын клубдарындагы мындай жолугушуулар КР БШКнын Жарандык билим берүү борборунун Борбордук Азиянын Жергиликтүү башкаруу академиясы менен кызматташуусунун алкагында бардык аймактарда – жарандык жана санариптик билим берүү борборлорунда дагы өткөрүлөт.
КР БШКнын Жарандык билим берүү борбору төмөнкүлөргө багытталган маалыматтык-билим берүү, коммуникациялык кеңири иш-чараларды ишке ашырууну пландоодо:
- аял депутаттардын дараметин арттыруу, талапкер аялдардын атаандаштыкка жарамдуулугун бекемдөө;
- аялдардын өлкөдөгү саясий турмушка катышуусунун маанилүүлүгүн түшүнүү үчүн маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.
Жалпы республика боюнча жарандык жана санариптик билим берүү боюнча 70 борбор ачылгандыгын эске салабыз.
КР БШКнын Жарандык билим берүү борбору кызматташууга чакырат. 1255, +312 620171 тел. аркылуу же bilim@shailoo.gov.kg электрондук почтасы боюнча кайрылса болот.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү











