Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарын кол менен саноо аяктады
10 октября 2022
2022-жылы 9-октябрда болуп өткөн Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо 5 шайлоо участогунда добуш берүүнүн жыйынтыктарын кол менен саноо аяктады.
Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдор жана башка шайлоо документтери Кадамжай АШКга өткөрүлүп берилди.
БШКнын “Маалыматтык шайлоо тутуму» (https://newess.shailoo.gov.kg)” веб-порталында АЭУнун жана кол менен саноонун маалыматтары чагылдырылды, ошондой эле шайлоочуларды идентификациялоо жөнүндө отчеттордун, жыйынтыктар жөнүндө АЭУдан алынган отчеттордун, добуш берүүнүн жыйынтыктарын кол менен саноонун протоколдорунун сканерленген көчүрмөлөрү жарыяланды.
Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө УШК чечимдерин даттануу мөөнөтү – 3 күн, даттануулар АШКга берилет.
Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде бузууларга байланыштуу арыздар жана даттануулар түшкөн жок.
Кадамжай АШК 5 УШКдан түшкөн протоколдордун негизинде жалпы эле Майдан айылдык кеңешинин аймагындагы добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгарып, кеңеш боюнча депутаттарды шайлоонун натыйжаларын аныктайт.
“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 38-беренесине ылайык, жергиликтүү кеңеш боюнча депутаттарды шайлоонун натыйжаларын АШК добуш берүү күнүнөн 20 календардык күндөн кечиктирбестен (2022-жылдын 29-октябрына чейин) аныктайт.
Майдан айылдык кеңешинде мандаттардын жалпы саны – 21, анын ичинен 5 округда 9 мандат аялдар үчүн резервге калтырылды.
Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын добуш берүү күнүндө 44 талапкер катышты, анын ичинен 11 аял талапкер.
Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо шайлоочулардын тизмесине бардыгы 8120 шайлоочу киргизилген, добуш берүүгө 3130 шайлоочу катышты, бул 38,55%ды түзөт.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
