КР БШК: “Талапкер” маалыматтык ресурсунда Майдан айылдык кеңешинин депутаттыгына шайлоого ат салышып жаткан талапкерлер тууралуу маалымат жарыяланды

07 октября 2022

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2022-жылдын 9-октябрына дайындалган Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоого ат салышкан талапкерлердин тизмелерин «Талапкер» маалымат ресурсуна жарыялады.

«Талапкер» http://talapker.shailoo.gov.kg ресурсундагы маалыматтар талапкерлер, талапкерлердин шайлоо программалары жана шайлоо фондунан түшкөн каражаттардын агымы тууралуу жарандарга маалымат берүүгө арналган.

Шайлоо өнөктүгүн каржылоонун ачык-айкындуулугунун стандартын ишке ашыруу максатында БШК ыйгарым укуктуу банктардан талапкердин шайлоо фондунун атайын эсебине акча каражаттарынын келип түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө маалыматтарды берүүгө мүмкүндүк берүүчү компонентти иштеп чыкты жана ишке киргизди. Саясий партияларды «Түндүк» ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттешүү тутуму (SMEV) аркылуу реалдуу убакыт режиминде автоматташтырылган форматта, ал БШКнын расмий сайтында (Талапкер баракчасы, «Шайлоо фонду» бөлүмү) автоматтык түрдө көрсөтүлөт жана ошого жараша шайлоо фондунун каражаттары боюнча отчётторду топтоп, алып турат. Маалымат жеке маалыматтар жана банктык сыр жөнүндө мыйзамдарды эске алуу менен (б.а. маалыматтарды ачык жарыялоо үчүн каражаттарды төккөн донордун макулдугу менен) жарыяланат.

2022-жылдын 7-октябрына карата Майдан айылдык кеңешине шайлоого 44 талапкер ат салышууда.

Ошондой эле, бардык 5 шайлоо участогунда талапкерлер тууралуу маалыматтык плакаттар илинди, анда талапкер тууралуу маалыматтар жана шайлоо алдындагы программа камтылган.

Шайлоо участогуна добуш берүү үчүн келген шайлоочу шайлоо участокторунда илинген бул плакаттар аркылуу талапкерлер менен тааныша алат.

«Талапкер» порталына кирүү үчүн Шилтемени басыңыз.