Майдан айылдык кеңешинин депутаттыгына катталган  1 талапкер шайлоого андан ары катышуудан баш тартты

06 октября 2022

2022-жылдын 3-октябрында Кадамжай АШКсына №3 Кароол шайлоо округу боюнча катталган Майдан айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкер Т.А.Бегалиев 2022-жылдын 9-октябрына белгиленген шайлоого катышуудан баш тартуу жөнүндө арыз менен кайрылды.

Кадамжай АШКнын 2022-жылдын 3-октябрындагы № 5 чечими менен Майдан айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкер Т.А.Бегалиевдин каттоосу жокко чыгарылган.

Добуш берүү күнү Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоого  44 талапкер катышат, анын ичинен он бири аял талапкер.

Маалымат үчүн: «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренесинин 14-бөлүгүнө ылайык: «Шайлоо бюллетендери даярдалгандан кийин талапкерлер, талапкерлердин тизмеси чыгып кеткен учурда, участкалык шайлоо комиссиялары тиешелүү талапкерлер, талапкерлердин тизмеси жөнүндөгү шайлоо бюллетендериндеги маалыматтарды чийип салат. Чийип салуу талапкер, саясий партия, жөнүндө бардык маалыматтар жазылган саптар боюнча шарик калеми менен гана түз сызык түрүндө жүргүзүлөт. Мында чийүү сызыгы талапкер, саясий партия жөнүндө маалымат жазылган саптын каршысындагы бош квадратты камтууга тийиш».

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү