БУУнун Кыргыз Республикасындагы Туруктуу координатору Антье Граве менен КР БШК төрагасы Н. Шайлдабекованын жолугушуусу болуп өттү

06 октября 2022

БУУнун Кыргыз Республикасындагы Туруктуу координатору Антье Граве менен КР БШК төрагасы Н. Шайлдабекованын жолугушуусу болуп өттү.

Борбордук шайлоо комиссиясынын башчысы шайлоо тутумун демократиялаштырууга багытталган бир катар долбоорлордун алкагында натыйжалуу колдоо көрсөткөндүгү үчүн БУУнун Кыргыз Республикасындагы уюмдарынын тутумуна ыраазычылык билдирди.

Кыргызстанды өнүктүрүү жөнүндө өлкөнүн стратегиялык документтеринде шайлоо тутумун реформалоо ансыз өлкөнүн туруктуу өнүгүүсү мүмкүн болбой турган керектүү жана чечүүчү процесс катары аныкталган.

Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын (БУУ ӨП) координациясы менен өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр тарабынан колдоосу астында анык жана ачык-айкын демократиялык шайлоо өткөрүү боюнча Кыргызстан жумшап жаткан күч-аракеттерге маанилүү салым кошулду. Өз ара аракеттешүүнүн натыйжасында Кыргыз Республикасында шайлоо процессин реформалоодо комплекстүү жана ырааттуу чараларды ишке ашырууга мүмкүн болду.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасында шайлоо тутумун реформалоонун жүрүшү жөнүндө маалымат жана пикир алмашылды.

БУУнун Кыргыз Республикасындагы жаңы Туруктуу координатору Антье Гравеге шайлоо тутумунда колдонулуп жаткан шайлоочуларды эсепке алуунун аныктыгын жана ачык-айкындуулугун, шайлоочулардын добушун саноону камсыздоочу технологиялар, майыптыгы бар адамдардын, Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын шайлоо укуктарын камсыздоо, ошондой эле аялдар менен жаштардын саясатка катышуусун кеңейтүү боюнча чаралар жөнүндө, добуштарды сатып алууга жана администрациялык ресурстарды колдонууга каршы укук коргоо органдары менен иш алып баруунун укуктук негиздери жана тартиби жөнүндө маалымат берилди.

БШК төрагасы шайлоолордун аралыгында шайлоочулардын шайлоо тутумуна ишеним деңгээлин мындан ары арттыруу жана шайлоого катышуусун жигерлетүү БШКнын шайлоолордун аралыгындагы артыкчылыктуу милдеттери болуп санала тургандыгын белгиледи, бул милдеттер, анын ичинде, өлкөнү ак ниеттүү башкарууга жана аны өнүктүрүүгө таасир эткен коомдогу маанилүү коомдук-саясий процесс катары жарандардын шайлоо жөнүндө кабардар болуусун жана аны түшүнүүсүн жакшыртуу аркылуу ишке ишке ашырылышы мүмкүн.

Тараптар ишеним деңгээлин жакшыртуу үчүн жарандардын шайлоо, башкаруунун саясий тутуму, демократиянын баалуулуктары, адамдын укуктары жана эркиндиктери, жарандардын укуктары жана милдеттери жөнүндө кабардар болуусун жана аны түшүнүүсүн арттыруу боюнча ишти улантуу маанилүү экендигине макулдугун билдиришти.

Маалыматтык-түшүндүрүү иштерин ар дайым жана кеңири алып баруу жүргүзүлүп жаткан реформалардын натыйжалары туруктуу болушу үчүн зарыл.

2025-2027-жылдардагы кезектеги жаңы шайлоо циклына чейинки шайлоолор аралыгындагы мезгилде КР БШК жарандык коом менен кызматташып, шайлоочуларга жарандык билим берүү жана агартуу чөйрөсүндө артыкчылыктуу иш жүргүзөт.

Сентябрь айында Кыргыз Республикасынын Президентинин катышуусунда республика боюнча китепканалардын, жаштар борборлорунун, маданият үйлөрүнүн, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын имараттарынын базасында жарандык жана санариптик билим берүү боюнча 70 борбор расмий түрдө ишке киргизилген.

Борборлордо жарандык билим берүүнүн жана электрондук кызмат көрсөтүүлөрдү кеңейтүү жана пайдалануу боюнча санариптик көндүмдөргө үйрөтүү программалары ишке ашырылат. Борборлордун иши жарандардын бардык категорияларына багытталган, анын ичинде улгайган адамдар, жаштар, аялдар жана майыптыгы бар адамдар үчүн атайын программалар бар.

КР БШК шайлоо тутумун мындан ары өнүктүрүү жолдору жана 2025-2027-жылдардагы кезектеги шайлоо циклына карата даярдык көрүү жөнүндө маселе менен өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен координациялык жолугушуу өткөрүү мүмкүнчүлүгүн кароо жөнүндө кайрылган.

БУУнун Кыргыз Республикасындагы Туруктуу координатору Антье Граве өлкөнү демократиялаштыруу жана туруктуу өнүктүрүү үчүн шайлоо тутумун реформалоо маанилүү экендигин айтты, орун алган жетишкендиктерди канааттануу менен белгиледи жана өлкөнүн бул багыттагы күч-аракеттерин мындан ары колдоону уланта тургандыгына ишенимин билдирди.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү