БШК билим берүү тутумунун кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктайт!
05 октября 2022
Урматтуу билим берүү кызматкерлери!
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен – Кыргыз Республикасынын билим берүү кызматкерлеринин күнү менен чын жүрөктөн куттуктайт!
Мугалим – жаш муундардын келечектеги жашоосуна жол көрсөтүп, багыт берген, дүйнө таануусуна көмөктөшкөн эң ардактуу кесип. Агартуу жана тарбия берүү аркылуу адамдын гана эмес, коомдун дагы келечегине чыйыр салган кесип ээлери катары мугалимдер чоң сый-урматка татыктуу.
Биз жаш кыргызстандыктарга билим, тарбия берүүдө күч-аракеттерин жумшап жаткан мугалимдерге терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз.
Билим берүү тармагынын кызматкерлери өз милдеттерин аткаруу менен гана чектелбестен, мыйзамдарда белгиленген тартипте өлкөбүздүн коомдук-саясий иштерине, анын ичинде шайлоолорду уюштурууга жана өткөрүүгө жигердүү катышып, чоң салымын кошууда. Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо комиссияларында иштеген билим берүү кызматкерлеринин ак ниет жана жоопкерчиликтүү эмгегин жогору баалайт.
Ардактуу билим берүү кызматкерлери!
Сиздерге бекем ден соолук, үй-бүлөңүздөргө бакыт-таалай, ишиңиздерди мындан ары дагы ийгиликтер коштоп жүрүүсүн каалайбыз!
Сиздердин кесипкөй жана жигердүү иш-аракеттериңиздер Кыргызстаныбыздын гүлдөп-өнүгүүсү үчүн өбөлгө болсун!
Кыргыз Республикасынын
Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

























