Карылардын эл аралык күнүнө карата жарандык жана санариптик билим берүү борборлорунда улуу муундагы жарандар үчүн “Санарип 50+” тренингдери өтөт

03 октября 2022

2022-жылдын 3-октябрында Бишкек шаарынын Ленин жана Октябрь райондорунун шаардык китепканаларында, Сокулук районунун Сокулук айылындагы райондук китепканасында, Аламүдүн районунун Лебединовка айылындагы райондун мамлекеттик администрациясынын кичи залында Карылардын эл аралык күнүнө карата санариптик курсу боюнча “Санарип 50+” тренингдери өткөрүлүүдө.

“Санарип 50+” долбоорунун максаты – улуу муундагы адамдарды санариптик процесстерге интеграциялоо.

Курс төмөнкүдөй темаларды камтыйт: смартфондун функциялары, смартфон аркылуу маалымат издөө, социалдык түйүндөр аркылуу баарлашуу, расмий кат алышуу үчүн электрондук почтаны пайдалануу, накталай эмес операциялар үчүн электрондук капчыкты жана каржылык санариптик аспаптардын негиздерин пайдалануу.

Интернеттин коопсуздугуна айрыкча көңүл бурулууда, интернеттин чексиз мейкиндигинде өзүнүн жеке маалыматтарын коргоо жөнүндө маалымат, ошондой эле финансы чөйрөсүндө кибер коопсуздук боюнча кеңештер берилүүдө.

“Санарип 50+” долбоорунун максаты жана милдеттери «Санариптик Кыргызстан 2019-2023» санариптик трансформациялоонун беш жылдык стратегиясындагы «Санариптик көндүмдөрдү өнүктүрүү аркылуу калк үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүү жөнүндө» 1-милдетке дал келет жана «Бүт калк үчүн, анын ичинде аялуу топтор үчүн санариптик көндүмдөр» компоненти боюнча максаттуу индикаторлорго жетүүгө көмөк көрсөтөт.

Бул курстар КР БШКнын Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору менен «Розы Отунбаеванын демилгелери» Эл аралык коомдук фондунун кызматташуусунун алкагында бардык аймактардагы башка жарандык жана санариптик билим берүү борборлорунда дагы өткөрүлөт.

Маалымат үчүн: Республика боюнча китепканалардын, жаштар борборлорунун, маданият үйлөрүнүн, ЖӨБО имараттарынын базасында жарандык жана санариптик билим берүү боюнча 70 борбор ачылган.

Борборлордо калктын бардык катмарлары үчүн жарандык билим берүүнүн жана санариптик көндүмдөргө үйрөтүү программалары ишке ашырылат. Борборлордун алкагында иш-чаралар ар кандай форматтарда – өлкөдө жарандык, укуктук жана санариптик билим берүүгө багытталган онлайн/оффлайн окутуу курстарын, тренингдерди, семинарларды, конференцияларды, дебаттарды, аялдардын клубдарын өткөрүү форматтарында өткөрүлөт.