КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту жана бош депутаттык мандаттарды өткөрүп берди

30 сентября 2022

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2022-жылдын 30-сентябрында өткөн жыйналышында Ак-Талаа, Сокулук, Өзгөн, Баткен, Ысык-Ата жана Тоң аймактык шайлоо комиссияларынын кээ бир депутаттардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айылдык кеңешинин депутаты Аскарбеков Азамат Аскарбековичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Кубанычбеков Нурсултан Кубанычбековичке өткөрүп берилди.

Чүй облусунун Сокулук районунун Гавриловка айылдык кеңешинин депутаты Батаева Перизат Олеговнанын ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Ибраимов Качкымбек Джапралиевичке өткөрүп берилди.

Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Ивановка айылдык кеңешинин депутаты Мажидова Обидина Раджабовичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Хандышанов Магомед Люлюновичке өткөрүп берилди.

Ош облусунун Өзгөн районунун Зергер айылдык кеңешинин депутаты Аршижан уулу Баямандын ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Абдылмамыт уулу Диярбекке өткөрүп берилди.

Баткен облусунун Баткен районунун Самаркендек айылдык кеңешинин депутаты Дыйканова Өмүрбека Муратбековичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Жороев Даирбек Маматкуловичке өткөрүп берилди.

Баткен облусунун Баткен районунун Самаркендек айылдык кеңешинин депутаты Таштанов Махмутжан Назирбаевичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Абдурахманов Исламидин Мацаковичке өткөрүп берилди.

Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Күн-Чыгыш айылдык кеңешинин депутатынын бош мандаты Иманалиев Нурбек Малдышовичке өткөрүп берилди.

Ошондой эле КР БШК мүчөлөрү жыйналышта өз арыздарынын негизинде Бийхурова Сельма Башаевнаны Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Ивановка айылдык кеңешинин, Тилебалды уулу Элдиярды Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Күн-Чыгыш айылдык кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен чыгарды.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү