БШК «Ыйман Нуру» саясий партиясынын талапкерлеринин катталган тизмесинен талапкерди чыгарды
30 сентября 2022
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2022-жылдын 30-сентябрындагы жыйналышында «Ыйман Нуру» Адилеттүүлүк жана өнүгүү» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Бейшеева Нарина Доктурбековнаны Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу чечимин кабыл алды.
Чечим «Ыйман Нуру» Адилеттүүлүк жана өнүгүү» саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө Б.Д. Бейшееванын өз арызынын негизинде, ”Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесин жетекчиликке алуу менен кабыл алынды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
