КР БШКнын 2022 - жылы 30 - сентябрда өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору

29 сентября 2022

Өткөрүү датасы: 2022-жылдын 30 сентябрь

Убактысы: 11:00

Өткөрүлүүчү жери: жыйналыштар залы

 

1. Бейшеева Нарина Доктурбековнаны «Ыйман Нуру» Адилеттүүлүк жана өнүгүү» cаясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө

(баяндамачы – М. Кожокеева, шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)

2. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Ак-Талаа, Сокулук, Өзгөн, Баткен, Ысык-Ата жана Тоң аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу

(баяндамачы – М. Кожокеева, шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)

3. «Аймактык шайлоо комиссияларынын төрагаларынын кеңеши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 26-июлундагы № 111 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

(баяндамачы – Мырзакматова Э., шайлоо комиссиялары менен өз ара аракеттешүү жана методология секторунун башчысы)

4. Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

(баяндамачы – Мырзакматова Э., шайлоо комиссиялары менен өз ара аракеттешүү жана методология секторунун башчысы)

5. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Ардак грамотасы менен сыйлоо жөнүндө

(баяндамачы – Дамир кызы А., адам ресурстарын башкаруу секторуну башчысы)

6. Ар түрдүү маселелер