КР БШК кыргызстандыктарды 23-сентябрь – Мамлекеттик тил күнү менен куттуктайт

23 сентября 2022

Урматтуу мекендештер!

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы Сиздерди 23-сентябрь – Мамлекеттик тил күнү менен чын дилинен куттуктайт!

33 жыл мурда ушул күнү улуу тилибиз мамлекеттик тил катары таанылган. Конституциябызда кыргыз тили – Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили катары аныкталган.

Ата-бабабыз бизге калтырган ыйык аманат жана элибиздин келечеги болуп саналган эне тилибизди көздүн карегиндей сактоо, кадыр-баркын көтөрүү, жашоо-турмушубузда кеңири жана сабаттуу колдонуу, өнүктүрүү жана өркүндөтүү –  биздин мекенчилдик милдетибиз.

Мамлекеттик тил күнү адаттагы расмий майрам гана болбостон, өлкөбүздө жашаган бардык этностордун ынтымагын бекемдөөчү жана арттыруучу өбөлгө дагы болууга  тийиш.

Кыргызстаныбызда тынчтык жана биримдик болсун!

КР Борбордук шайлоо комиссиясы