БШК 2022-жылдын 9-октябрына дайындалган КР Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чараларынын календардык планын бекитти
10 августа 2022
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 9-августундагы № 280 ПЖ Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо 2022-жылдын 9-октябрына дайындалды.
Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чараларынын календардык планын бекитти.
Планга ылайык депутаттарды шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн негизги багыттары жана этаптары:
1. Шайлоочулардын тизмелери
- Калктын бирдиктүү мамлекеттик tizme.gov.kg порталынан шайлоочулардын алдын ала тизмесин түзүү реестринен чыгарып алуу – 2022-жылдын 10-августуна чейин;
- шайлоочулардын алдын ала тизмесин шайлоочуларга тааныштыруу үчүн илүү – 2022-жылдын 20-августуна чейин; - шайлоочулардын контролдук тизмесин илүү – 2022-жылдын 9-сентябрына чейин;- шайлоочулардын биротоло тизмесин түзүү – 2022-жылдын 29-сентябрына чейин.
- шайлоочулардын арыздарын кабыл алуу жана каталарды же жазуулардагы так эместиктерди иштеп чыгуу – 2022-жылдын 20-августунан 23-сентябрына чейин (кошуп алганда);
2. Шайлоо округдарын түзүү - шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын бекитүү – 2022-жылдын 20-августуна чейин.
3. Талапкерлерди көрсөтүү жана каттоо
- Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясына каттоо үчүн зарыл болгон документтерди берүү аралыгы –– добуш берүү күнүнө чейин 30 календардык күндөн кечиктирбестен (2022-жылдын 8-сентябрында саат 24.00гө чейин);
- Майдан айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин каттоо – добуш берүү күнүнө чейин 20 календардык күн мурда (2022-жылдын 19-сентябрына чейин).
4. Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү – 2022-жылдын 19-сентябрынан башталат жана добуш берүү башталганга чейин 24 саат калганда (2022-жылдын 8-октябрында, саат 8.00дө) токтотулат.
5. Шайлоо бюллетендерин даярдоо жана шайлоо комиссияларына өткөрүп берүү:
- шайлоо бюллетендеринин текстин бекитүү – 2022-жылдын 19-сентябрына чейин; даярдап чыгаруу- 29-сентябрына чейин, АШКга берүү –29-сентябрына чейин, УШКга берүү- 7- октябрга чейин.
6. Добуш берүү жана жыйынтыктарын чыгаруу:
- добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүгө мүмкүнчүлүк берүү жөнүндө шайлоочунун жазуу жүзүндөгү арызын кабыл алуу – 2022-жылдын 6-октябрына чейин;
- добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүнү өткөрүү – добуш берүү күнүнө чейин бир календардык күн мурда -2022-жылдын 8-октябры;
- добуш берүүнү өткөрүү – 2022-жылдын 9-октябры, саат 8.00дөн 20.00гө чейин;
- Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын аныктоо – 2022-жылдын 30-октябрына чейин.
7. Шайлоону маалыматтык жактан камсыздоо
Шайлоого тийиштүү маалыматтарды ЖМК, интернет басылмаларына жайгаштыруу үчүн БШКнын акы төлөө өлчөмү жана башка шарттары жөнүндө маалыматтарды берүү - 2022 - жылдын 19 - августуна чейин.
Байланышуу үчүн телефон 0(312) 665452
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
