КР Борбордук шайлоо комиссиясында Швеция Парламентинин мүчөлөрү менен жолугушуу болуп өттү

12 апреля 2022

2022-жылы 12-апрелде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясында БШК төрагасы Н. Шайлдабекованын Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмунун Парламенттик ассамблеясынын (ЕККУ ПА) төрагасы, Швециянын Парламентинин мүчөсү Маргаретой Седерфельдт башында турган Швециядан келген делегация менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушууга БШК мүчөлөрү И.Гайпкулов, М.Наспеков, БШКнын Жарандык билим берүү борборунун (ЖББ) кызматкерлери катышты.

Швециядан келген делегациянын курамына төмөнкүлөр кирген: Швециянын Парламентинин мүчөлөрү жана Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын (БУУ ӨП) өкүлдөрү: Брунегорд Гудрун, Тышкы иштер боюнча комитеттин, Христиан-демократиялык партиянын мүчөсү; Эриксон Янин Альм, Швециянын эл аралык кызматташтык жана өнүктүрүү боюнча мурдагы мамкатчысы, Тышкы иштер боюнча комитеттин, Жашылдар партиясынын мүчөсү; Посио Ясмин, Тышкы иштер боюнча комитеттин мүчөсү; Оберг Кэролайн, БУУ ӨПтүн Швециядагы Өкүлчүлүгүнүн жетекчиси; Ларсен Хенрик Фредборг, БУУ ӨПтүн Түндүк Европа өлкөлөрү менен байланыштар боюнча кеңсесинин жетекчиси; Аскельджунг Альберт, БУУ ӨПтүн Швециядагы Өкүлчүлүгүнүн саясат маселелери боюнча адиси; Чемберлен Луиз, БУУ ӨПтүн Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өкүлү; Риджал Моника, БУУ ӨПтүн Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өкүлүнүн орун басары; Уразбаева Эркина, БУУ ӨПтүн Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгүнүн Программалыке менеджери.

Жолугушуунун жүрүшүндө Маргарета Седерфельдт Кыргызстандагы шайлоого жана демократиялык процесстерге абдан кызыккандыгын билдирди. Республикадагы бардык деңгээлдердеги шайлоолорго ЕККУ ПА байкоочулары дайыма катышып келатат. Кыргызстан региондогу шайлоо тутумунда реформалар жүргүзүлгөн биринчи өлкөлөрдүн бири болуп саналат. Маргарета Седерфельдт шайлоо мыйзамдарындагы кыска мөөнөттө киргизилген өзгөртүүлөрдү эске алганда БШК парламенттик шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча комплекстүү иштерди жүргүзгөндүгүн баса белгиледи.

Борбордо жана аймактарда шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн жана шайлоо процессинин катышуучуларын жаңы мыйзамдар боюнча окутуп, үйрөтүүдөгү БШК жүргүзгөн иштер маанилүү натыйжалардын бири болуп калды, бул шайлоо процесси үчүн маанилүү болуп саналат.

КР БШК төрагасы Н. Шайлдабекова Кыргызстандагы шайлоо укугун жана процессин өнүктүрүү жана реформалоо маселелерине көңүл бургандыгы үчүн делегация башчысына жана мүчөлөрүнө ыраазычылыгын айтты. Бир нече жылдардын тогошунда Кыргыз Республикасынын шайлоо тутумун реформалоодо жана демократиялаштырууда БУУ ӨП менен ЕККУнун көмөктөшүүсүн биз өлкөнү өнүктүрүүдөгү демократиялык багытты маанилүү колдоо катары кабыл алабыз жана баалайбыз.

Көз карандысыз Кыргызстандын тарыхында өлкөдөгү саясий кризистерге көбүнчө себеп болуу менен шайлоо ар дайым өзгөчө роль аткарып келген. Ошондуктан шайлоо тутумун реформалоо мамлекеттеги стратегиялык документтер менен өлкөнү туруктуу өнүктүрүү үчүн керектүү жана чечүүчү процесс катары аныкталган.

Реформа жүргүзүүдө бир катар эл аралык уюмдар тарабынан чоң жардам көрсөтүлдү. “Шайлоо тутумун реформалоо аркылуу демократияны өнүктүрүү” долбоору БУУ ӨП тараптан бир нече этап менен ишке ашырылды. БУУ ӨП тараптан колдоо жана Япония, Германия, Швейцария, Корея сыяктуу өлкөлөрдүн жардамы анык жана ачык-айкын демократиялык шайлоо өткөрүү боюнча Кыргызстан жасап жаткан күч-аракеттер үчүн маанилүү салым болгонун БШК белгиледи. Ушул өз ара аракеттешүүнүн аркасы менен реформанын бир катар багыттары боюнча комплекстүү чараларды ишке ашырып, алдыга кадам жасоого жетиштик.

Швециянын Парламентинин мүчөлөрүнө Кыргыз Республикасында шайлоо технологияларын киргизүү жолу менен шайлоо тутумун өркүндөтүү алкагында киргизилген жаңылыктар тууралуу, майыптыгы бар адамдардын, жаштардын шайлоо укуктарын камсыздоо, ошондой эле аялдардын саясатка катышуусун кеңейтүү боюнча маалымат берилди. Жергиликтүү деңгээлде 30% гендер квотасын киргизүүнүн жана практикалык күч-аракеттердин натыйжасында аялдардын өкүлчүлүктүү органдардагы өкүлчүлүгү жергиликтүү деңгээлде 9%дан 38%га чейин көбөйдү. Жогорку Кеңештин деңгээлинде бул көрсөткүч 16%дан 21%га чейин көбөйдү. Реформанын натыйжалары туруктуу болуш үчүн маалыматтык-түшүндүрүүнү улантуу мааниге ээ.

2021-жылы бардык деңгээлде шайлоо өткөрүлдү, 2022-2023-жылдары айрым жергиликтүү шайлоо өткөрүлөт, ошентип, учурдагы шайлоо циклы аяктайт. 2025-2027-жылдардагы кийинки жаңы шайлоо циклына чейинки шайлоолордун ортосундагы мезгилде КР БШК шайлоочуларга жарандык билим берүү жана агартуу чөйрөсүнө артыкчылык берип, иш жүргүзөт.

Шайлоо тутумуна ишеним деңгээлин арттыруу жана шайлоочулардын шайлоого катышуусун көбөйтүү артыкчылыктуу милдет болуп саналары белгиленди, бул өлкөдөгү ак ниет башкарууга жана туруктуу өнүктүрүүгө таасир этүүчү коомдогу маанилүү коомдук-саясий процесс катары жарандардын шайлоо жөнүндө кабардар болуусун жана аны түшүнүүсүн жакшыртуу боюнча чаралар менен ишке ашырылышы мүмкүн.

Мында шайлоочулардын добуш берүүгө келүүсү жогору өлкө катары Швециянын тажрыйбасы биз үчүн кызыктуу, атап айтканда, китепканалардын базасында жарандык жана санариптик билим берүү тажрыйбасы биз Кыргызстанда колдонулушу мүмкүн болгон үлгү болуп саналат.

Делегация башчысы Маргарета Седерфельдт БШКнын БУУ ӨП менен өз ара натыйжалуу аракеттешүүсүн жактырды, жарандардын шайлоо процессине ишеним деңгээлин арттыруу алкагында масштабдуу иш жүргүзүү зарылдыгын белгилеп, мындан ары дагы кызматташуу ниетин билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Швециянын Парламентинин мүчөлөрү жана БУУ ӨПтүн өкүлдөрү колдонулуп жаткан технологияларга, шайлоо фонддорун каржылоого, добуш берүүнүн жашырындуулугуна жана добуштарды саноо жол-жоболоруна, ошондой эле жарандардын саясий жана укук маданиятын арттырууга байланыштуу суроолорду беришти.

Жолугушуунун соңунда делегация мүчөлөрү БШКнын ЖББ туруктуу негизде өткөрүп келаткан “Жаш жарандын мектеби” иш-чарасынын алкагында Бишкек шаарындагы №4 мектептин окуучулары менен жолугушту. Маргарета Седерфельдт келечектеги жаш шайлоочуларга жигердүү жана пассивдүү шайлоо укугун толук деңгээлде пайдаланууну, жигердүү жаран болууну, ийгилик жана жашоодо бакыт каалады.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү