ЫЧКТ билдирет: 2022-жылы 10-апрелде саат 18:00гө карата КР БШКнын ЫЧКТсына шайлоо мыйзамдарын бузуулар жөнүндө 4 маалымат түштү

10 апреля 2022

ЫЧКТ билдирет: 2022-жылы 10-апрелде саат 18:00гө карата КР БШКнын Ыкчам чара көрүүнүн координациялык тобуна (ЫЧКТ) шайлоо мыйзамдарын бузуулар жөнүндө 4 маалымат түштү.

Алардын ичинде:

- шайлоочулардын добуштарын ыктымал сатып алуу боюнча – 3;

- администрациялык ресурсту ыктымал кыянат пайдалануу боюнча – 1.

1. Чүй облусунун Кара-Балта шаарынын Жаштык көчөсүндө шагыл түшүрүү жөнүндө маалымат боюнча Жайыл районунун ИИБ тергөө кызматы тарабынан текшерүү жүргүзүлө баштады.

2. «Ата Журт» саясий партиясынан депутаттыкка талапкер тарабынан шайлоочулардын добуштарын ыктымал сатып алуу менен шайлоо мыйзамдарын бузуу жөнүндө Мамытова Айгеримдин Фейсбук соцбетинде жарыяланган маалыматы боюнча Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун ИИБ тергөө кызматы тарабынан тергөөгө чейинки текшерүү жүргүзүлдү.

Текшерүүнүн натыйжасында Токтогул районунун ИИБ тергөө кызматы тарабынан жазык ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө токтом чыгарылды. Райондун прокуратурасы тергөөчүнүн чечиминин мыйзамдуулугу жана негиздүүлүгү жөнүндө корутунду берди.

3. Ош облусунун Араван районунун Юсупов айылында шайлоочулардын добуштарын ыктымал сатып алуу жөнүндө Дима Большойдун Фейсбук соцбетинде жарыяланган маалыматы боюнча Ош облусунун Араван районунун ИИБ тарабынан тергөөгө чейинки текшерүү жүргүзүлүүдө.

4. Администрациялык ресурсту ыктымал кыянат пайдалангандыгы үчүн «Күчтүү Коом» саясий партиясынан шаардык кеңештин депутаттыгына талапкер, Кара-Балта Мэриясынын муниципалдык кызматчысы болуп саналган А. Алымкуловго карата чара көрүү жөнүндө «Ишеним», «Альянс», «Социал-демократтар» саясий партияларынын шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн арызы боюнча Жайыл районунун ИИБ тергөө кызматы тарабынан тергөөгө чейинки текшерүү жүргүзүлдү.

Текшерүүнүн натыйжасында Жайыл районунун ИИБ тергөө кызматы тарабынан жазык ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө токтом чыгарылды. Райондун прокуратурасы тергөөчүнүн чечиминин мыйзамдуулугу жана негиздүүлүгү жөнүндө корутунду берди.

БШКнын жана АШКлардын Ыкчам чара көрүүнүн координациялык топтору тарабынан 3 шаарда жана 13 айылда шайлоо мыйзамдарын бузууларга тынымсыз байкоо жүргүзүүдө жана шайлоо мыйзамдарын бузууларга каршы аракеттенүү боюнча көрүлгөн чаралар тууралуу коомчулукка токтоосуз маалымат берүүдө.

Шайлоо участокторунда укук коргоо органдары тарабынан укук тартиби жана коопсуздук камсыздалууда, КР БШКнын ЫЧКТы менен шайлоо процессинин катышуучуларынын түшкөн даттануу, арыздары өз ара аракеттешүү менен ыкчам каралууда.