Жогорку Кеңештин эки депутатынын дипломдору жөнүндө УКМК БШКга маалымат берди
08 апреля 2022
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети дипломдордун аныктыгын текшерүү боюнча иштин алкагында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин эки депутаты – Ф.Д. Исмаиловдун («Ата-Журт Кыргызстан» фракциясы) жана Ф.А. Алимжановдун («Альянс» фракциясы) жогорку билими жөнүндө документтери боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына маалымат берди.
«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 59-беренесинин 2-бөлүгүнүн талаптарына ылайык, «Шайлоо күнүнө карата 25 жашка толгон, шайлоого укугу бар, жогорку кесиптик билими бар Кыргыз Республикасынын жараны Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайлана алат».
Борбордук шайлоо комиссиясы билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен өз ара аракеттешип, берилген материалдарды кароонун жыйынтыгы боюнча мыйзамдарга ылайык тиешелүү чечим кабыл алат.
