Жергиликтүү шайлоодо добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү мүмкүнчүлүгүн берүү жөнүндө шайлоочулардын кат жүзүндөгү арыздарын кабыл алуу аяктады
06 апреля 2022
2022-жылы 6-апрелде саат 18:00дө жергиликтүү кеңештердин – 3 шаардык, 13 айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоодо добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү мүмкүнчүлүгүн берүү жөнүндө шайлоочулардын кат жүзүндөгү арыздарын кабыл алуу аяктады.
16 жергиликтүү кеңеш боюнча 84 УШКдан 61 УШКга добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү мүмкүнчүлүгүн берүү жөнүндө бардыгы 730 арыз түштү (анын ичинде: 326сы – карылыгы боюнча, 97си – майыптыгы боюнча, 30у – оорусу боюнча, 7өө – жарандардын айрым категориялары).
Ош облусу боюнча 20 УШКдан 14 УШКга – 118 арыз түштү, анын ичинде: 63ү – карылыгы боюнча, 28и – майыптыгы боюнча, 27си – оорусу боюнча;
Нарын облусу боюнча 4 УШКдан 4 УШКга – 43 арыз түштү, анын ичинде: 26сы – карылыгы боюнча, 14ү – оорусу боюнча, 3өө – майыптыгы боюнча;
Ысык-Көл облусу боюнча 3 УШКдан 1 УШКга – 9 арыз түштү, анын ичинде: 2өө – карылыгы боюнча, 6оо – оорусу боюнча, 1өө – майыптыгы боюнча;
Жалал-Абад облусу боюнча 24 УШКдан 21 УШКга – 294 арыз түштү, анын ичинде: 83ү – карылыгы боюнча, 192си – оорусу боюнча 19у – майыптыгы боюнча;
Чүй облусу боюнча 33 УШКдан 21 УШКга – 266 арыз түштү, анын ичинде: 152си – карылыгы боюнча, 61и – оорусу боюнча 46сы – майыптыгы боюнча, 7өө – жарандардын айрым категориялары.
Маалымат үчүн: «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 33-беренесине ылайык шайлоочулардын тизмесине киргизилген, бирок ден соолугунун абалы же майыптыгы боюнча шайлоо участокторуна келе албаган, ошондой эле төмөнкү шайлоочулар добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүгө укуктуу:
- добуш берүү күнү ооруканаларда, шектүүлөрдү жана айыптууларды кайтаруу алдында кармоочу жайларда жүргөн шайлоочулар;
- алыскы жана жетүү кыйын болгон райондордо, алыскы мал жайыт участокторунда убактылуу жашаган шайлоочулар.
Өзгөчө учурларда тиешелүү шайлоо комиссиясынын чечими боюнча –
- добуш берүү күнү калктуу конуштардан алыс жайгашкан жерлердеги аскер бөлүктөрүндө кызмат өтөп жаткан аскер кызматчылары,
- добуш берүү күнү кызмат өтөп жаткан ички иштер органдарынын кызматкерлери,
- жумуш цикли үзгүлтүксүз ишканалардагы иштеген шайлоочулар,
- вахталык ыкма менен иштеген шайлоочулар.
Участкалык шайлоо комиссиясы добуш берүү күнүнө чейин 2 күн калганда өзүнүн участогунда добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү мүмкүнчүлүгүн берүү тууралуу жазуу жүзүндө ага арыз берген шайлоочулардын реестрин илип коюуга милдеттүү.
Добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү, добуш берүү күнүнө чейин бир календардык күн калганда саат 8ден 20га чейинки мезгилде жана шайлоочунун ага добуш берүү жайынан тышкары добуш берүү мүмкүнчүлүгүн түзүү жөнүндө жазуу жүзүндөгү кайрылуусунун негизинде гана жүргүзүлөт.
Шайлоочунун арызы участкалык шайлоо комиссиясы түзүлгөндөн кийин каалаган учурда, бирок добуш берүү күнүнө 3 календардык күн калгандан кечиктирбестен берилиши мүмкүн.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
