КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту жана бош депутаттык мандаттарды өткөрүп берди
06 апреля 2022
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2022-жылдын 2022-жылдын 6-апрелинде өткөн жыйналышында Кара-Көл жана Лейлек аймактык шайлоо комиссияларынын кээ бир депутаттардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.
Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаардык кеңешинин депутаты Байбаев Нурмамед Жунусовичтин (№1, «Мекен Ынтымагы» деп.фракциясы) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат КТГЭСтин электр-слесары Токтобаев Бакай Доблотбековичке (№4, «Мекен Ынтымагы» саясий партиясы) өткөрүп берилди.
Баткен облусунун Лейлек районунун Лейлек айылдык кеңешинин депутаты Анарбаев Таир Манаповичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат жеке ишкер Саматов Женишбек Муктаровичке өткөрүп берилди.
Баткен облусунун Лейлек районунун Катран айылдык кеңешинин депутаты Арстанова Жыпаргул Эргешовнанын ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат жеке ишкер Саматов Жанжигитов Эрмек Саатовичке өткөрүп берилди.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
