КР БШК мүчөлөрү жана аппаратынын кызматкерлери “Ынтымак” паркында көчөт тигишти

02 апреля 2022

Бүгүн 2-апрелде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөлөрү жана аппаратынын кызматкерлери Бишкек шаарындагы Токтоналиев жана Масалиев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан “Ынтымак” паркында көчөт тигишти.

Иш-чаранын алкагында жалпысынан катальпа жана каштан жетимиш көчөтү тигилди.

Көчөт тигүү курчап турган чөйрөгө кам көрүү жана Кыргызстандын борборун жашылдандыруу алкагында өткөрүлдү.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү