КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту жана бош депутаттык мандаттарды өткөрүп берди

01 апреля 2022

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2022-жылдын 1-апрелинде өткөн жыйналышында Аксы, Токтогул, Сокулук жана Жайыл аймактык шайлоо комиссияларынын кээ бир депутаттардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.

Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Жаңы-Жол айылдык кеңешинин депутаты Кочкорбаев Эламан Жапаровичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат жеке ишкер Калганбеков Кумарбек Темирбековичке өткөрүп берилди.

Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин депутаты Ажыбаев Айбек Өмүржановичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин бухгалтери Бердигулов Махаратбекке өткөрүп берилди.

Депутаттын ыйгарым укуктарын аткарууга айкалышпаган кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу Чүй облусунун Сокулук районунун Төш-Булак айылдык кеңешинин депутаты Баяке уулу Болоткандын ыйгарым укуктары токтотулду. Мандат убактылуу иштебеген Джавчалышев Уран Шакирбековичке өткөрүп берилди.

Чүй облусунун Жайыл районунун Талды-Булак айылдык кеңешинин депутаты Каныбек уулу Тимурдун ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат убактылуу иштебеген Медербек уулу Адилетке өткөрүп берилди.

Чүй облусунун Жайыл районунун Жайыл айылдык кеңешинин депутаты Мамаев Замирбек Дакимовичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат айдоочу Кудайбергенов Калыс Шаршенбековичке өткөрүп берилди.

Чүй облусунун Жайыл районунун Кызыл-Дыйкан айылдык кеңешинин депутаты Свистуленко Вячеслав Сергеевичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат убактылуу иштебеген Удайчиев Расулбек Акушовичке өткөрүп берилди.

Чүй облусунун Жайыл районунун Кызыл-Дыйкан айылдык кеңешинин депутаты Дуйшенбай уулу Тилектин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат техник Ысабеков Канатбек Алмасбековичке өткөрүп берилди.

Чүй облусунун Жайыл районунун Кызыл-Дыйкан айылдык кеңешинин депутаты Ромазанов Рамис Сагитовичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат убактылуу иштебеген Табылдиев Уланбек Табылдиевичке өткөрүп берилди.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү