БШК Таш-Көмүр, Токтогул жана Кара-Балта шаарларында жана 13 айылда өтүүчү жергиликтүү кеңештерди шайлоодо шайлоо бюллетендеринин формасын бекитти

23 марта 2022

Борбордук шайлоо комиссиясы 2022-жылдын 10-апрелине дайындалган Таш-Көмүр, Токтогул жана Кара-Балта шаарларында жана 13 айылда өтүүчү жергиликтүү кеңештерди шайлоодо шайлоо бюллетендеринин формасын жана корголуу даражасын бекитти. Шайлоо бюллетендеринин тексттери б.а. талапкерлердин жана партиялардын тизмектери буга чейин аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдери менен бекитилген.

Шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоодо бюллетендерге төмөнкүлөр киргизилди:

Кара-Балта шаарында - 6 партия:

 

№1 "Ыйман-Нуру"

№2 "Күчтүү Коом"

№3 "Ишеним"

№4 "ЭлАман"

№5 "Социал-демократтар"

№6 "Альянс".

 

Таш-Көмүр шаарында - 3 партия:

 

№1 "Жаштар"

№2 "Ынтымак"

№3) «Ата-Журт Кыргызстан".

 

Токтогул шаарында - 7 партия:

№1 "Тынчтык"

№2 "Мекен ынтымагы"

№3 "Ата-Журт Кыргызстан"

№4 "Эл Үмүтү"

№5 "Ынтымак"

№6 "Бирге-Вместе"

№7 "Ишеним"

 

Эскертүү: партиялар шайлоо бюллетендерине чүчү кулакка ылайык жайгаштырылды.

Шайлоочуларга маалымдоо үчүн бардык шайлоо участокторуна мамлекеттик жана расмий тилдерде талапкерлер жана партиялар тууралуу маалыматтар бар плакаттар жайгаштырылууда.

Талапкерлер жана партиялар жөнүндө маалыматтарды БШКнын «Талапкер» (https://talapker.shailoo.gov.kg/ru/kenesh_gor) онлайн ресурсунан алууга болот. Мында партиялардын талапкерлеринин тизмелери, айылдык кеңештерге талапкерлер, талапкерлердин жана партиялардын программалары, шайлоо фонддоруна түшкөн жана чыгымдалган акча каражаттары жөнүндө маалыматтар менен тааныша аласыз.

 

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү