КР БШК айрым жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо шайлоо бюллетендеринин формасын жана корголуу даражасын бекитти
22 марта 2022
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2022-жылдын 22-мартында өткөн жыйналышында 2022-жылдын 10-апрелине дайындалган Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош жана Чүй облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодогу шайлоо бюллетендеринин формасын жана корголуу даражасын бекитүүнү жана шайлоо бюллетендерин «Учкун» ААКсында даярдоо ишке ашырууну токтом кылды.
КР БШК ошондой эле 2022-жылдын 10-апрелине дайындалган Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош жана Чүй облустарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо шайлоо бюллетендеринин тексттерин бекитүү жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин эске алды.
Токтом «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесине ылайык, «Катуу көзөмөлдөгү отчеттуулук документтерин даярдоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 22-сентябрындагы № 540 токтомун жетекчиликке алып, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө шайлоо бюллетендерин даярдоо, өткөрүп берүү жана сактоо тартиби жөнүндө» Жобону бекитүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 20-октябрындагы №163 токтомун жетекчиликке алып, кабыл алынды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
