БШК КР Жогорку Кеңешинин депутатынын бош мандатын Абдалиев Мейкинбек Акимовичке өткөрүп берди
14 марта 2022
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы КР Жогорку Кеңешинин депутатынын бош мандаты болгонуна байланыштуу «Ата-Журт Кыргызстан» саясий партиясынан талапкерлердин тизмеси боюнча Абдалиев Мейкинбек Акимовичти Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин шайланган депутаты деп таануу жөнүндө токтом кылды.
КР БШК токтому менен Абдалиев Мейкинбек Акимович КР Жогорку Кеңешинин депутаты болуп катталды, ага белгиленген үлгүдөгү ырастама жана төш белги тапшырылды.
Токтом “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 21-беренесинин 11-бөлүгүнө, 65-беренесинин 3, 4-1-бөлүктөрүнө ылайык кабыл алынды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
