КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту бош депутаттык мандаттарды өткөрүп берди
14 марта 2022
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2022-жылдын 14-мартында өткөн жыйналышында Базар-Коргон, Кара-Суу, Аламүдүн жана Токмок аймактык шайлоо комиссияларынын кээ бир депутаттардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.
Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Талдуу-Булак айылдык кеңешинин депутаты Абдраимов Нурланбек Келдибековичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат жеке ишкер Ыманбеков Нурмамат Ыманбековичке өткөрүп берилди.
Ош облусунун Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин депутаты Жалалдинов Дониербек Рашидовичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат жеке ишкер Шамшидинов Дилшод Алижоновичке өткөрүп берилди.
Чүй облусунун Токмок шаардык кеңешинин депутаты Салеева Татьяна Касымовнанын (№3, «Эмгек» деп.фракциясы) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат жеке ишкер Саламатова Аида Саламатовнага (№6, «Эмгек» саясий партиясы) өткөрүп берилди.
Чүй облусунун Токмок шаардык кеңешинин депутаты Мураталиев Хаётилло Султанжановичтин (№2, «Асыл-Мурас жаштары» деп.фракциясы) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат аймактык оорукананын врачы Люшанло Шамиль Абдуллаевичке (№8, «Асыл-Мурас жаштары» саясий партиясы) өткөрүп берилди.
Чүй облусунун Аламүдүн районунун Ак-Дөбө айылдык кеңешинин депутаты Дайрбек уулу Темирландын ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат айдоочу Дуйшебаев Союзбек Шайлообековичке өткөрүп берилди.
Ошондой эле жыйналышта КР БШК мүчөлөрү өз арызынын негизинде Абылов Чыныбек Абдистановичти Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Талдуу-Булак айылдык кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен чыгарды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
