КР БШК кыргызстандыктарды Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туу күнү менен куттуктайт!
03 марта 2022
Кымбаттуу кыргызстандыктар!
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы сиздерди Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туу күнү менен куттуктайт!
Туура 30 жыл мурда бүгүнкүдөй жаздын күнү биздин Кыргызстан өзүнүн мамлекеттик символдорунун бири – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусуна ээ болгон!
Биздин туу – мамлекеттүүлүгүбүздүн, эгемендигибиздин жана биримдигибиздин символу!
Туубуздун алдында баш кошуп, өлкөбүз көп сыноолорду башынан өткөрдү, ошентип, мурдагыдан бекем жана күчтүү өлкө болуп калды!
Сиздерге чың ден соолук, бакубат жашоо, ал эми Кыргызстанга биримдик жана гүлдөп-өнүгүү каалайбыз!
КР БШКнын жарандык билим берүү борбору

