БШК Токтогул АШКнын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизди

01 марта 2022

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2022-жылдын 1-мартындагы жыйналышында Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизди.

Жалал-Абад облусунун Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизди:

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Тургунбаев Эркин Эсенбаевич комиссиянын курамынан чыгарылсын;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Абдиева Зульфия Чабаковна резервден комиссиянын курамына киргизилсин.

Токтом Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөсү Тургунбаев Эркин Эсенбаевичтин шайлоо комиссиясынын курамынан чыгаруу жөнүндө арызынын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине ылайык кабыл алынды.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү