БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
01 марта 2022
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2022-жылдын 1-мартындагы жыйналышында Сокулук, Москва, Сүлүктү, Кадамжай, Кочкор, Жалал-Абад, Токтогул жана Ош аймактык шайлоо комиссияларынын кээ бир депутаттардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.
Чүй облусунун Сокулук районунун Шопоков шаардык кеңешинин депутаты Жаныкулов Данияр Торогазиевичтин (№3, «Ата-Журт» деп.фракциясы) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат “Голден Дринкс” ЖЧК оператору Джумалиев Уланбек Талантбековичке (№5, «Ата-Журт» саясий партиясы) өткөрүп берилди.
Чүй облусунун Сокулук районунун Күнтуу айылдык кеңешинин депутаты Кулболдоев Кубан Чолпонбековичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат орто мектептин мугалими Курушбекова Мээрим Курушбековнага өткөрүп берилди.
Чүй облусунун Сокулук районунун Биринчи май айылдык кеңешинин депутаты Нуралиева Назира Артолбековнанын ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат убактылуу иштебеген Караталова Гульнура Самирбековнага өткөрүп берилди.
Чүй облусунун Сокулук районунун Гавриловка айылдык кеңешинин депутаты Дайырбек уулу Сериктин ыйгарым укуктары токтотулду. Мандат убактылуу иштебеген Абдылдабеков Шайырбек Бейшенбековичке өткөрүп берилди.
Чүй облусунун Москва районунун Ак-Суу айылдык кеңешинин депутаты Борбиева Зарина Кемельбековнанын ыйгарым укуктары токтотулду. Мандат кароолчу Ширдаков Алмазбек Эркинбековичке өткөрүп берилди.
Чүй облусунун Москва районунун Ак-Суу айылдык кеңешинин депутаты Станбеков Алымбек Медербековичтин ыйгарым укуктары токтотулду. Мандат убактылуу иштебеген Асанов Сапарбек Алымбековичке өткөрүп берилди.
Баткен облусунун Сүлүктү шаардык кеңешинин депутаты Мамытов Талантбек Алиевичтин (№2, «Замандаш» деп.фракциясы) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат “Ахмат Кен” ЖЧК директору Абдуназаров Бактыбек Ахматовичке (№5, «Замандаш» саясий партиясы) өткөрүп берилди.
Баткен облусунун Кадамжай районунун Кыргыз-Кыштак айылдык кеңешинин депутаты Азим уулу Куштардын ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Кадамжайдагы филиалынын директору Миталипов Абабакир Миймановичке өткөрүп берилди.
Баткен облусунун Кадамжай районунун Халмион айылдык кеңешинин депутаты Кудратилла уулу Оббосжондун ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат дыйкан чарбасынын мүчөсү Мамажанов Тохиржон Салижановичке өткөрүп берилди.
Нарын облусунун Кочкор районунун Кочкор айылдык кеңешинин депутаты Жаналиева Гүлмира Бейшебаевнанын ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат дыйкан чарбасынын мүчөсү Шеримкадырова Айнур Жумаевнага өткөрүп берилди.
Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты Адылбеков Майрамбек Алымбековичтин (№1, «Өнүгүү-Прогресс» деп.фракциясы) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат “Ак-Жол техсервис” ЖЧК директору Калбаев Советбек Абийбиллаевичке (№6, «Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясы) өткөрүп берилди.
Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Аралбаев айылдык кеңешинин депутаты Мурат уулу Нурисламдын ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат М.Бекболотов атындагы №25 орто мектебинин мугалими Болотбек уулу Маматка өткөрүп берилди.
Ошондой эле жыйналышта КР БШК мүчөлөрү өз арыздарынын негизинде Байгатиева Эльмира Асанбековнаны – Чүй облусунун Москва районунун Ак-Суу айылдык кеңешинин, Бозорбаев Отабек Одилжоновичти Ош шаардык кеңешинин (№ 22, “Биздин Кыргызстан” саясий партиясы) депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен чыгарды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
