КР БШКнын 2022-жылдын 1-мартында өтүүчү отурумунун күн тартибинин долбоору

01 марта 2022

                                                                                   Өткөрүү датасы: 1-март 2022-ж.

                                                                                   Убактысы: 16.00

                                                                                   Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы

1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Сокулук, Москва, Сүлүктү, Кадамжай, Кочкор, Жалал-Абад, Токтогул жана Ош шаардык аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу

(баяндамачы – Кожокеева М.Д.,  шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)

2. Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

(баяндамачы – Кожокеева М.Д.,  шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)

3. №29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Шайлообек Карыбекович Атазовдун өкүлүн каттоо жөнүндө

(баяндамачы – Кожокеева М.Д.,  шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)

4. Ар кандай маселелер