БШК ЫЧКТы эскертет: Шайлоодо бузууларга байкоо жүргүзүү күчөтүлөт, жоопкерчиликтин бардык чаралары көрүлөт
26 февраля 2022
Борбордук шайлоо комиссиясы № 29 Свердлов шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкер А.Муртазалиевдин пайдасына шайлоочулардын добуштарын сатып алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 196-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган (Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу) кылмыштын белгилери боюнча козголгон кылмыш-жаза иши боюнча Бишкек шаарынын ИИББнин маалыматын укту.
Бишкек шаарынын ИИББнин тергөө кызматынын бөлүм начальниги О.Макамбаев кылмыш-жаза ишинин алкагында үй комитеттеринин төрагаларын тартуу менен шайлоочулардын добуштарын сатып алууну жүзөгө ашырууга ниеттенген адамдар аныкталгандыгын билдирди.
Тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө кварталдык комитеттеринин биринин төрагасы «С.Л.К.» тарабынан акча каражаттарын алуу жөнүндө тил кат, шайлоочулардын тизмелери, 109 443 сом суммасындагы акча каражаттары ыктыярдуу түрдө берилди. 3 адамдан талапкер А.Муртазалиевдин пайдасына шайлоочулардын добуштарын сатып алууга арналган 193 443 сом алынды.
Тергөө органы тарабынан «С.Л.К.» менен «Ш.К.Бга» карата Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 196-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган кылмыш жасалды деген айып коюлду.
Бишкек шаарынын ИИББнин өкүлү тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылып жаткандыгын, эгерде депутаттыкка талапкер А.Муртазалиевдин көрсөтүлгөн кылмыш аракеттерине тиешеси бар экендиги аныкталса, аны кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга уруксат берүү жөнүндө БШКга өтүнүч берилерин тактап айтты.
Ошол эле учурда көрсөтүлгөн депутаттыкка талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлү А.Кылчыкпаева талапкер А.Муртазалиев аныкталган кылмыш аракеттерине тиешеси жок экендигин маалымдады.
Борбордук шайлоо комиссиясы териштирүүнүн жүрүшү жөнүндө Бишкек шаарынын ИИББнин маалыматын эске алды жана анын жыйынтыктары жөнүндө материалдарды берүүнү тездетүүнү өтүндү, бул эгерде талапкердин көрсөтүлгөн аракеттерге тиешеси бар экендиги аныкталса, аны каттоону жокко чыгаруу каралган конституциялык-укуктук жоопкерчилик чараларын колдонуу үчүн зарыл болмокчу.
«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын ченемдерине ылайык укук коргоо органдары бузуулар жөнүндө бардык билдирүүлөрдү текшерет жана жыйынтыктары жана көрүлгөн чаралар жөнүндө тиешелүү шайлоо комиссияларына токтоосуз материалдарды берет.
БШКнын Ыкчам чара көрүүнүн координациялык тобу (ЫЧКТ) бардык талапкерлерди мыйзам алкагында аракеттенүүгө чакырат. БШК ЫЧКТсы жана укук коргоо органдары тараптан шайлоо мыйзамдарын, анын ичинде, шайлоочулардын эрк-ниетин билдирүүсүнө таасир этүүчү шайлоочулардын добуштарын сатып алуу, администрациялык ресурсту кыянаттык менен пайдалануу түрүндөгү бузууларга жол бербөө максатында байкоо жүргүзүү күчөтүлөт.
Талапкерлер ушундай бузууларга жол берсе, мыйзамда каралган жоопкерчилик чаралары көрүлөт.
Маалымат үчүн: Шайлоо мыйзамдарын бузуулар үчүн жоопкерчилик чаралары төмөнкүлөрдө каралган:
1) «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамында (конституциялык-укуктук жоопкерчилик);
2) Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинде;
3) Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинде.
