БШК айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын бекитти

18 февраля 2022

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2022-жылдын 18-февралында өткөн жыйналышында  2022-жылдын 10-апрелине дайындалган Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаардык кеңешине, Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Токтогул шаардык кеңешине,  Аксы районунун Кара-Жыгач айылдык кеңешине, Сузак районунун Көк-Арт айылдык кеңешине, Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кажы-Сай айылдык кеңешине, Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айылдык кеңешине, Ат-Башы районунун Казыбек айылдык кеңешине, Ош облусунун Араван районунун С. Юсупов айылдык кеңешине, Кара-Суу районунун Ак-Таш, Төлөйкөн айылдык кеңештерине, Чүй облусунун Жайыл районунун Кара-Балта шаардык кеңешине, Кемин районунун Жаңы-Алыш, Кара-Булак, Көк-Ойрок айылдык кеңештерине, Москва районунун Александровка айылдык кеңешине, Сокулук районунун Сокулук айылдык кеңешине депутаттарды шайлоону өткөрүү үчүн шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын бекитти.

Токтом Таш-Көмүр, Токтогул, Аксы, Сузак, Тоң, Ак-Талаа, Ат-Башы, Араван, Кара-Суу, Жайыл, Москва, Сокулук, Кемин аймактык шайлоо комиссияларынын шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын бекитүүнү сунуштаган чечимдеринин негизинде, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 4, 5-пункттарына, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине ылайык кабыл алынды.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү