БШКга № 27 Биринчи май шайлоо округу боюнча КР ЖК депутатын кайра шайлоого катышуудан баш тартуу жөнүндө дагы 1 арыз түштү

16 февраля 2022

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2022-жылдын16-февралындагы жыйналышында № 27 Биринчи май шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Давлянова Дамирбека Тайырбековичтин шайлоого катышуудан баш тартуу жана ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн чакыртып алуу жөнүндө арызын карап чыгып, аны эске алуу жөнүндө чечим кабыл алды.

Чечим № 27 Биринчи май шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Д.Т. Давляновдун  шайлоого катышуудан баш тартуу жөнүндө 2022-жылдын 15-февралындагы арызынын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесине, 61-беренесинин 10-бөлүгүнө ылайык кабыл алынды.

Буга чейин № 27 Биринчи май жана № 29 Свердлов шайлоо округдары боюнча катталган төмөнкү 4 талапкерден арыз түшкөн:

№ 27 Биринчи май шайлоо округу боюнча:

Тилектешов Улукбек Тилектешович;

Абдиев Бактыбек Кемелович.

№ 29 Свердлов шайлоо округу боюнча:

Тургунбаев Улукбек Абдивалиевич;

Мотуев Нурдин Аманканович.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү