БШК КРдин айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо шайлоо участоктору үчүн календардын текстин бекитти

11 февраля 2022

2022-жылдын 11-февралында өткөн жыйналышында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2022-жылдын 10-апрелине дайындалган Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош жана Чүй облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо шайлоо участоктору үчүн көрнөктүн жана календардын тексттерин бекитүү жөнүндө токтом кылды.

Борбордук  шайлоо комиссиясы «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8, 10-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине ылайык, “Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош жана Чүй облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 8-февралындагы № 31 ПЖ Жарлыгынын негизинде көрнөктүн жана календардын тексттерин бекитүү жөнүндө токтом кабыл алды.

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү