КР БШКнын 2022-жылдын 11-февралында өтүүчү отурумунун күн тартибинин долбоору

11 февраля 2022

 

Өткөрүү датасы: 11 февраль 2022-ж.

Убактысы: 16:00

Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы

1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Кара-Көл, Ала-Бука, Кара-Кулжа жана Панфилов аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу

(баяндамачы – Кожокеева М.Д.,  шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)

2. 2022-жылдын 10-апрелине дайындалган Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо шайлоо участкалар үчүн көрнөктүн жана календардын тексттерин бекитүү жөнүндө

(баяндамачы – Кожокеева М.Д.,  шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)

3. №29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Ирина Юрьевна Карамушкинанын ишенимдүү адамын каттоо жөнүндө

 (баяндамачы – Кожокеева М.Д.,  шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)

4. №29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Алмаз уулу Аскардын ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө

(баяндамачы – Кожокеева М.Д.,  шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)

5. №29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Назгуль Амантуровна Жолдошованын ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө

(баяндамачы – Кожокеева М.Д.,  шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)

6. №29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Майрамбек уулу Калыстын ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө

(баяндамачы – Кожокеева М.Д.,  шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)

7. Ар кандай маселелер