БШК № 27 Биринчи май жана № 29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоодо шайлоо бюллетендеринин формасын жана текстин бекитти

09 февраля 2022

2022-жылдын 9-февралында өткөн жыйналышында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2022-жылдын 27-февралына дайындалган № 27 Биринчи май жана № 29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоодо шайлоо бюллетендеринин формасын жана текстин бекитти.

Токтом «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 30-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесине ылайык кабыл алынды.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү