№27 Биринчи май жана №29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин эсине

05 февраля 2022

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 30-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, 2022-жылдын 8-февралында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча катталган талапкерлердин арасында шайлоо бюллетениндеги талапкерлердин кезегин аныктоо үчүн чүчүкулак өткөрүлөт.

Чүчүкулакка талапкерлер, бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү жана коомдук байкоочулар катыша алышат.

Чүчүкулак кармоо убактысы 14:30.

Чүчүкулактын жыйынтыгы боюнча БШК 2022-жылдын 27-февралына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайталап шайлоодо бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча шайлоо бюллетендеринин формасын жана текстин бекитет.

Маалымат үчүн: Шайлоо бюллетенинин тексти жана формасы бекитилгенден кийин шайлоого андан ары катышуудан баш тарткан талапкерлерге шайлоо күрөөсү кайтарылып берилбейт ("Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 41-беренесинин 16-бөлүгүнүн 3-пункту).