БШК “Ата-Журт Кыргызстан” саясий партиясынын катталган тизмесинен талапкерди чыгарды

02 февраля 2022

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2022-жылдын 2-февралындагы жыйналышында “Ата-Журт Кыргызстан” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Босивская Кристина Валерьевнаны Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу чечимин кабыл алды.

Чечим “Ата-Журт Кыргызстан” саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө К.В. Босивскаянын өз арызынын негизинде, ”Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесин жетекчиликке алуу менен кабыл алынды.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү