Анонс. КР БШК Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоого катышуучу талапкерлер, алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү үчүн окутуу семинарын өткөрөт!
01 февраля 2022
2022-жылдын 27-февралына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоого катышуучу талапкерлердин эсине
КР БШК 2022-жылы 4-февралда саат 11:00дө 2022-жылдын 27-февралына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоого катышуучу талапкерлер, алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү үчүн окутуу семинарын өткөрөт.
Талапкерлер, талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү төмөнкүлөр менен тааныштырылат:
- шайлоо алдында үгүт жүргүзүү эрежелери;
- шайлоо комиссияларында даттанууларды кароо тартиби;
- талапкерлердин шайлоо фонддорун каржылоо эрежелери.
Катышуу маселелери боюнча шайлоо процессинин катышуучулары менен ѳз ара аракеттешүү жана окутуу методологиясы бѳлүмүнө төмөнкү байланыш телефон номурларына чалып, кайрылууну өтүнөбүз: 62-08-29, 62-62-87.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
