БШК Аламүдүн АШК курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизди

01 февраля 2022

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2022-жылдын 1-февралында Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизди.

Чүй облусунун Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизди:

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Жакшылыкова Элла Азизкановна комиссиянын курамынан чыгарылсын;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Кремнева Инна Владимировна резервден комиссиянын курамына киргизилсин;

Токтом Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөсү Э.А. Жакшылыкованын шайлоо комиссиясынын курамынан чыгаруу жөнүндө арызынын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине ылайык кабыл алынды.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү