БШКга бир мандаттуу эки шайлоо округу боюнча КР ЖК депутаттарын кайра шайлоого катышуудан баш тартуу жөнүндө 2 арыз түштү
27 января 2022
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2022-жылдын 27-январындагы жыйналышында шайлоого катышуудан баш тартуу жана ыйгарым укуктуу өкүлдөрдү чакыртып алуу жөнүндө арыздарды карап чыгып, аларды эске алуу жөнүндө чечим кабыл алды.
Төмөнкү талапкерлер арыз беришти:
-
Аматов Рысбай Аматович, № 27 Биринчи май шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер;
-
Ибраймакунов Данияр Омурбекович, № 29 Свердлов шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
