КР ЖК депутаттарын кайра шайлоого талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө арыздарды кабыл алуу аяктоодо

26 января 2022

БШК 2022-жылдын 27-февралына дайындалган № 27 Биринчи май жана № 29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоого талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө арыздарды кабыл алуу 2022-жылдын 27-январында 18.00дө аяктаарын эске салат.

Бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерди көрсөтүү талапкердин өзүнүн ушул шайлоо округу боюнча талапкерлигин добушка коюу ниети жөнүндө КР БШКга арыз берүү жолу менен (өзүн-өзү көрсөткөң учурда) же саясий партиянын съездинин чечими менен жүргүзүлөт. Талапкер бир шайлоо округунда гана көрсөтүлүшү мүмкүн.

Депутаттыкка талапкерди каттоо үчүн документтердин толук топтому БШКга шайлоо күнүнө чейин 27 календардык күндөн кечиктирбестен б.а. 2022-жылдын 30-январында саат 18:00гө чейин берилүүгө тийиш.

2022-жылдын 26-январына карата 54 талапкерден документтер түштү, анын ичинен төмөнкү 18 талапкер катталды.

- № 27 Биринчи май шайлоо округу боюнча 26 талапкер көрсөтүлдү анын ичинен 6 талапкер катталды;

- № 29 Свердлов шайлоо округу боюнча 28 талапкер көрсөтүлдү анын ичинен 12 талапкер катталды, 1 талапкер шайлоого катышуудан баш тартты.

Азыркы учурда талапкерлердин мыйзам талаптарына ылайыктыгын аныктоо үчүн түшкөн документтер текшерилүүдө, мында “Түндүк” Электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттешүү тутуму дагы колдонулууда (жогорку билими бардыгы, башка мамлекеттин жарандыгы, алып салынбаган же жоюлбаган соттолгондугунун жоктугу).

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү