Бишкек ш. Административдик соту КР ЖК депутаттыгына талапкер катары каттоо жөнүндө КР БШКнын чечимин жокко чыгаруу жөнүндө Р.Ч. Момбековдун арызын канаатттандыруудан баш тартты

25 января 2022

2022-жылы 24-январда Бишкек ш. Административдик соту № 27 Биринчи май бир мандаттуу шайлоо округу боюнча КР ЖК депутаттыгына талапкер катары каттоо жөнүндө КР БШКнын чечимин жокко чыгаруу жөнүндө Р.Ч. Момбековдун арызын канаатттандыруудан баш тартты.

Буга чейин КР БШК 2022-жылдын 20-январындагы № 33 чечими менен мыйзамга ылайык алынган жогорку кесиптик билими бар экендиги тууралуу документтерди тапшырбагандыгына байланыштуу Р.Ч. Момбековду № 27 Биринчи май бир мандаттуу шайлоо округу боюнча КР ЖК депутаттыгына талапкер катары каттоодон баш тарткан.

Маалымат үчүн. 2022-жылы 11-январда № 27 Биринчи май бир мандаттуу шайлоо округу боюнча КР ЖК депутаттыгына талапкер катары каттоо үчүн Р.Ч. Момбеков Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясынын «Эл аралык мамилелер» адистиги боюнча “эл аралык мамилелер тармагындагы адис” квалификациясын ыйгаруу менен 2011-жылы 8-июлда берилген дипломунун нотариус күбөлөндүргөн көчүрмөсүн тапшырган.

Дипакадемиянын тапшырылган дипломунда окуган убакыт катары 2011-2014-жылдар көрсөтүлгөн, ал эми билими тууралуу буга чейинки документ менен 2003-жылы Ж. Баласагын атындагы КУУ тарабынан берилген жогорку билим тууралуу диплом көрсөтүлгөн.

Тапшырылган дипломдон Р.Ч. Момбеков Дипакадемиянын көрсөтүлгөн дипломун ылдамдатылган (3 жылдык) программа боюнча алгандыгын ырастайт, бул биринчи жогорку билим тууралуу анык дипломдун болушун талап кылат.

«Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесине ылайык “Кесиптик жогорку билими бар адамдар тездетилген программа боюнча экинчи жана үчүнчү кесиптик жогорку билим алышы мүмкүн.

Кесиптик жогорку билим алууга орто жалпы билими жөнүндө аттестаттын, кесиптик орто билими тууралу дипломдун же кесиптик жогорку билими жөнүндө дипломдун (экинчи, үчүнчү, ошондой эле жогорку билим алганда) болушу мүмкүнчүлүк берет”.

2022-жылы 12-январда конституциялык Мыйзамдын 61-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык КР БШК талапкер Р.Ч. Момбековдун дарегине мыйзамда белгиленген тартипте жогорку билими бар экендиги тууралуу толук маалымат жана биринчи жогорку билим тууралуу анык дипломдун нотариус күбөлөндүргөн көчүрмөсүн тапшыруу жөнүндө билдирме жөнөтүлгөн, бул талап аткарылган эмес.

2022-жылы 19-январда талапкер Р.Ч. Момбековду жогорку билими бар экендиги бөлүгүндө мызамдардын талаптарына ылайыктыгын текшерүү алкагында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги (КР БжИМ) өзүнүн расмий билдирүүсүндө Ж. Баласагын атындагы КУУ тарабынан жогорку билим тууралуу диплом Р.Ч. Момбековго 2003-жылы берилбегендигин ырастаган.

2022-жылы 20-январда КР БШКнын жыйналышында КР БжИМ өкүлү министрлик түзгөн атайын комиссия Ж. Баласагын атындагы КУУга барып, Р.Ч. Момбековго Ж. Баласагын атындагы КУУда жогорку кесиптик билим тууралуу дипломду берилген фактысы болбогондугу аныкталгандыгын маалымдады.

Конституциялык Мыйзамдын 59-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, “шайлоо күнүнө карата 25 жашка толгон, шайлоого укугу бар, жогорку кесиптик билими бар Кыргыз Республикасынын жараны Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайлана алат.

Конституциялык Мыйзамдын 61-беренесине ылайык, талапкерди, талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн конституциялык Мыйзамга ылайык зарыл болгон документтерди бербөө жана көрсөтүүнүн конституциялык Мыйзамда каралган тартибин сактабоо талапкерди каттоодон баш тартуунун негиздери болушу мүмкүн.

Ыйгарым укуктуу органдын маалыматынын негизинде, КР конституциялык Мыйзамынын 59, 60-1, 61-беренелерин жетекчиликке алып, КР БШК мыйзамга ылайык алынган жогорку кесиптик билими бар экендиги тууралуу документтерди тапшырбагандыгына байланыштуу Р.Ч. Момбековду № 27 Биринчи май бир мандаттуу шайлоо округу боюнча КР ЖК депутаттыгына талапкер катары каттоодон баш тарткан.

2022-жылы 21-январда Р.Ч. Момбеков Бишкек ш. Административдик сотуна КР БШКнын 2022-жылдын 20-январындагы № 33 чечимин жокко чыгаруу жөнүндө доо арыз берген.

2022-жылы 24-январда Бишкек ш. Административдик соту Р.Ч. Момбековдун доо арызындагы талаптарын канаатттандыруудан баш тартты, КР БШКнын 2022-жылдын 20-январындагы № 33 чечими мыйзамдуу жана негиздүү деп таанылды.

 

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү