“Жалпы иш” КФ Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде байкоо жүргүзөт
25 января 2022
2022-жылдын 25-январында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2022-жылдын 27-февралына дайындалган № 27 Биринчи май жана № 29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде байкоо жүргүзүү ниети тууралуу “Жалпы иш” коомдук фондунун билдирмесин эске алды.
БШК белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берүү менен Асылбеков Таалайбек Спартаковичти, Аалиев Тариэл Муратбековичти “Жалпы иш” коомдук фондунан коомдук байкоочулар катары каттоо чечимин кабыл алды.
Чечим “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-1-беренесин, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, кабыл алынды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
