БШК «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын тизмесинен талапкерди чыгарды
15 декабря 2021
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылы 15-декабрда өткөн жыйналышында «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Дюшембиева Элиза Бакытовнаны Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмесинен чыгаруу чечимин кабыл алды.
Чечим «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө Э.Дюшембиеванын өз арызынын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесин жетекчиликке алуу менен кабыл алынды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
