АЭУ маалыматтарынын тууралыгын көз карандысыз текшерүү боюнча Топтун жыйыны болмокчу
06 декабря 2021
Эртеӊ, 7-декабрда Борбордук шайлоо комиссиясы автоматтык эсептөөчү урналардын жана добуштарды кол менен эсептөөнүн маалыматтарынын тууралыгын көз карандысыз текшерүү боюнча түзүлгөн Топтун жыйынын өткөрөт.
Жыйындын жүрүшүндө тийиштүү участкаларда АЭУ маалыматтарынын тууралыгын көз карандысыз текшерүү жүрөт, УШК тизмелери жана добуштарды кайра эсептөө тартиби аныкталды.
Жыйын өткөрүлүүчү убакыт тууралуу кошумча маалымдалат.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
