Ислам кызматташтык уюмунун миссиясынын башчысы Кыргызстандын шайлоо тутуму жакшырганын белгиледи
28 ноября 2021
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова элчи Адамо Баубокар баштаган Ислам кызматташтык уюмунун миссиясынын өкүлдөрү менен жолугушту.
Адамо Баубокар ИКУнун Баш катчысы Кыргызстанга колдоо көрсөтүү миссиясын жөнөткөнүн белгилеп, шайлоонун ошого жараша өтүшүн каалады.
«Январь айындагы шайлоолордон бери системага жакшыртуулар киргизилди. Арыз-даттануулардын саны аз экени белгиленет. Сиздерге шайлоонун ийгиликтүү өтүшүн каалайбыз», - деди ал.
БШК төрагасы өлкөнүн шайлоо системасынын жетишкендиктери, добуш берүүнүн ачык-айкындуулугун жана добуштарды эсептөөнүн ишенимдүүлүгүн камсыз кылган технологиялар, шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна чара көрүү механизмдери тууралуу айтып берди.
«Мурда компетенттүү органдар тарабынан мыйзам бузууларга мындай реакция болгон эмес, азыр абал өзгөрдү. Шайлоо комиссиялары менен укук коргоо органдарынын компетенциялары так бөлүнгөн. Добуш сатып алуу, административдик ресурс сыяктуу одоно мыйзам бузуулар боюнча шайлоо комиссиясы укук коргоо органдарынын корутундусусуз чечим кабыл ала албайт.
Үстүбүздөгү жылдын апрель айында ири шаарларда мыйзам бузуулар катталган жергиликтүү кеңештердин шайлоолорунда БШК добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарып, жаңы шайлоону дайындап, кырдаалды бир топ жакшыртты. Талапкерлер, партиялар мурункудай аракет кыла албай турганын түшүнүштү. Бул бизге парламенттик шайлоодо чоң жардам берип, мыйзам бузуулардын санын бир топ кыскартты. Биз бузуулар тууралуу сигналдарды алып жатабыз, бирок булар мурункудай системалык бузуулар эмес», - деди ал.
Мындай активдүүлүк жалпысынан саат 10.00гө белгиленгени айтылды. Кээ бир округдарда шайлоочулардын 5,5%, айрымдарында 1,5% шайлоочулардын катышуусу бар. Акыркы шайлоодо саат 11ге карата мыйзам бузуулар боюнча 100дөн ашык билдирүү түшсө, азыр ушул убакка чейин 6 билдирүү келип түшкөн.
КР БШК Маалымат бөлүмү
