Бирдиктүү шайлоо округу боюнча шайлоого 21 саясий партиядан 1006 талапкер катышууда

28 ноября 2021

Бүгүн, 2021-жылдын 28-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого 21 саясий партиядан 1 006 талапкер катышууда:

  1. “Бутун Кыргызстан”,
  2. «Ата-Мекен»,
  3. «Ишеним»,
  4. «Ынтымак»,
  5. «Улуттар Биримдиги»,
  6. «Ата-Журт Кыргызстан»,
  7. «Ыйман Нуру»,
  8. «Альянс»,
  9. "Эл Умуту",
  10. «Азаттык»,
  11. «Улуу-Журт»,
  12. «Мекенчил Эл»,
  13. « Кыргызстанды бириктирүүчү патриоттук партия»,
  14. «Социал-демократтар»,
  15. « Аруузат – Эл Куту»,
  16. «Ордо»,
  17. « Багыт» Кыргызстандын либералдык-демократиялык партиясы»,
  18. « Кыргызстандын жашылдар партиясы»,
  19. «Легалайз»,
  20. «Күчтүү регион»,
  21. «Жашасын Кыргызстан».

2021-жылдын 13-октябрына карата 75 саясий партия боло турган парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирди. Алардын ичинен:

  • каттоодон баш тартылды - 3 с/партияны («Эркин Кыргызстан», «Эне Жүрөгү-Мекен», «Ак Асаба»);
  • шайлоого катышуудан баш тартуу жөнүндө билдирди - 26 с/партия;
  • шайлоого катышуудан баш тартуу жөнүндө билдирген эмес - 25 с/партия;
  • катталган - 21 с/партия;
  • каттоодон баш тартылды – ар кандай с/партиялардан 9 талапкерди;
  • шайлоого катышуудан ыктыярдуу түрдө баш тарткан – 31 талапкер.

21 саясий партиянын тизмесинде – 1 006 талапкер, анын ичинен:

  • Эркектер – 643 (63,9%);
  • Аялдар – 363 (36%);

Майыптыгы бар талапкерлер – 46 адам (4,5%); ар кандай улуттагы талапкерлер – 186 адам (18,4 %); 35 жашка чейинки талапкерлер – 258 адам (25,6%).

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү