БШК «Элдик көзөмөл» КФдан коомдук байкоочуларды шайлоого мониторинг жасоосуна жол берди
28 ноября 2021
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 27-ноябрындагы жыйынында 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин деутаттарын шайлоодо байкоо жүргүзүүнү ишке ашыруу ниети тууралуу«Элдик көзөмөл» коомдук фондунан КР БШКга келип түшкөн билдирүүсүн эске алды.
Кыргыз Республикаынын «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республиасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 10-1-беренесин, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 4-, 8-беренелерин, 2021-жылдын 29-августунда кабыл алынган «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарын дайындоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин ПУ №370 Указын, 2017-жылы 11-июлда кабыл алынган КР БШК токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Президентин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин, жергиликтүү кеӊештин депутаттарын шайлоодо жана Кыргыз Республикасынын референдумунда коомдук байкоочуларды каттоо тартиби жөнүндө» Жобосун жетекчиликке алуу менен, келип түшкөн билдирүүнү эске алуу, аны фонддордун өкүлдөрүн байкоочу кылып каттоо үчүн төмөн жактагы комиссияларга жөнөтүү, аларга шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү берүү чечими кабыл алынды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
