БШК «Багыт» Кыргызстандын либералдык-демократиялык партиясы» саясий партиясынын талапкерлеринин тизмесинен талапкерди чыгарды
21 ноября 2021
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылы 21-ноябрында өткөн жыйналышында «Багыт» Кыргызстандын либералдык-демократиялык» саясий партиясы көрсөткөн Байбек уулу Бакытбекти Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу чечимин кабыл алды.
Чечим «Багыт» Кыргызстандын либералдык-демократиялык» саясий партиясынын талапкерлеринин тизмесинен чыгаруу жөнүндө Б. Байбек уулунун өз арызынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 61-беренесин жетекчиликке алуу менен кабыл алынды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
