БШК «Кыргызстандын Жашылдар партиясы» саясий партиясынын талапкерлеринин тизмесинен талапкерди чыгарды
21 ноября 2021
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылы 21-ноябрында өткөн жыйналышында «Кыргызстандын Жашылдар партиясы» саясий партиясы көрсөткөн Урмамбетова Эльмира Муталыевнаны Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу чечимин кабыл алды.
Чечим «Кыргызстандын Жашылдар партиясы» саясий партиясынын талапкерлеринин тизмесинен чыгаруу жөнүндө Э.Урмамбетованын өз арызынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 61-беренесин жетекчиликке алуу менен кабыл алынды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
